18:23
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Өткөн суткада Бишкекте 110 учур катталды

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 522 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 110, Ош шаарында — 33, Чүй облусунда — 58, Ош облусунда — 75, Талас облусунда — 26, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда— 86, Баткен облусунда — 90 кишиден вирус табылды.

Март айынан бери 57 миң 798 кишиден вирус аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар