16:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Ноябрь айында мектеп окуучулары арасында 320 учур катталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрына карата маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учурлары катталган.

Салыштыруу үчүн, сентябрь айында республикада 48, октябрда — 315, ноябрда — 320 учур катталган.

Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында октябрь айында 83 учур, ноябрда — 143 учур катталган. Саны боюнча эң көп катталгандар кийинки орунда Чүй (54 2чур) жана Ысык-Көл (39 учур) облустары турат. Нарында бир да учур катталган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби