09:03
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Мектеп окуучулары арасында октябрь айында 315 учур катталды

Сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында жалпы 48 учур катталган. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, октябрь айында илдет жугузгандардын саны 6,5 эсеге жогору болуп, жалпы 315 учур катталган.

«16-ноябрга карата 157 учур аныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан», — деди ал.

Эске салсак, өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустун 486 жаңы учуру катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар