Бишкектин Эркиндик саябанында жыгачтан жасалган тоостун бедизин вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз», — деди Айдаралиева.