10:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Атамбаевдин тобу Садыр Жапаровдун агасы менен шайлоого чейин бириккенин айтты

Премьер-министр Садыр Жапаровдун жакындары мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары менен экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кулатууга каршы келишим түзгөн. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков билдирди.
 
Ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, ага кеңешчи болуп бекер иштеп берүүгө даярдыгын билдирди.
 
«Сиздин улуу агаңыз Сабыр жана кичүү инилериңиз билишет. Биз алар менен сиз абактан чыкканга чейин бир топ мурда эле келишип, үй-бүлөлүк бийликти кулатуу үчүн паралаель иштей турган болгонбуз. Мен эл менен жолугуушулардын баарында сиздин бошотулушуңузду талап кылып жаттым», — дейт ал.
 
Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровду депутат Талант Мамытовго таянбоону өтүнөт.
 
«Сизди азыр аброю күмөн жараткан адамдар курчап алды. Талант Мамытов Икрам Илмиянов, же Төрөбай Зулпукаров сыяктуу», — деп Акылбек Жапаров менен Курманкул Зулушевди дагы терс фигура катары белгилейт.
 
Эң көп окулган жаңылыктар