02:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев сурактан чыкты

Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү имаратында өткөн сурактан чыкты.

Анын айтымында, ал күбө катары суракка чакырылган, бирок кайсы иштин алкагында чакырылганын айткан жок. «Мен сурак сырын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кагазга кол койдум. Ошондуктан кайсы иштин алкагында чакырылганымды айта албайм. Азыр жумушсузмун, ошондуктан бош убактымды үй-бүлөм менен өткөрөм. Өлкөдөн чыгып кетүү ниетим жок», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев кайтадан суракка качан чакырылаарын билбээрин айтты. Сурак төрт саатка созулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума