16:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык келишимдерди бекем сактарын ынандырды

Премьер-министр Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушуу өткөрдү.. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

«Мага өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоолорго чейин республиканын Президентинин милдетин убактылуу аткаруу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Учурда өлкөдөгү абал турукташты жана саясий процесстер конституциялык талаага кайтты. Учурда Өкмөттүн бардык күч-аракети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө багытталган», — деп белгиледи Премьер-министр.

Садыр Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын 30 жылдык көзкарандысыздыгы мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган, бирок биз ан толук жоюу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Албетте, убакыт керектелет, бирок бул иштин натыйжасы жакынкы арада сезиле баштайт. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чоң жумуш аткарылууда. Бул иштер жакынкы мезгилде жыйынтыкталаарына сизди ишендирип кетким келет», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар