13:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жогорку сот Мелис Мырзакматовду актады

Жогорку сот ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматовду актады. Бул тууралуу маалыматты мурдакы калаа башчысы өзү ырастады.

Ал ага каршы кылмыш иши жок жерден ойлонуп табылгандыгын белгилейт.

«Мени актоодо дагы тоскоолдуктар болду. Менин саясый чөйрөгө кайтып келишимди каалабагандар бар окшойт», — дейт Мелис Мырзакматов.

Мелис Мырзакматов 2009-жылдан 2013-жылга чейин түштүк борбордун мэриясын жетектеген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал өлкөдөн чыгып кеткен.

2015-жылы Шералы Камчыбековдун төрагалыгы алдында Ош шаардык соту түштүк борбордун мурунку башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Чечим чыгарылгандан тартып Мелис Мырзакматов издөөгө алынган.

Түрцияда жүргөн Мырзакматов 6-октябрь түнү Кыргызстанга кайтып келди.

Эң көп окулган жаңылыктар