04:49
USD 84.80
EUR 101.18
RUB 1.12

Мурдакы өкмөт башчысы Абылгазиевдин бажасы Эмил Жамгырчиев кармалды

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Эмил Жамгырчиев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

«Алар маселени чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан», — дейт УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар