10:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Милицияга ишенимди кайтарып келүү керек

Премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөтүү жүргүзүүдө.

Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыгын белгиледи.

«Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар