22:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖК депутаты өлкөнүн карызын карапайым элдин эсебинен төлөөнү сунуштады

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева өлкөнүн тышкы карызын, өзгөчө Кытайга болгон карызды, жарандардын эсбинен чогултууну сунуштады. Бул демилгесин ал бүгүнкү маалымат жыйынында угузду.

Депутаттын айтымында, ал «Келечек үчүн» деген атайын кампания уюштуруп, банктан эсеп ачмакчы, ага жарандар топтогон каражат чогулмакчы. Айнуру Алтыбаева бул демилгени өзү көтөрүп чыкканын блдирип, эсепке түшкөн каражатты көзөмөлгө алуу үчүн «Элдик Кеңеш» аттуу байкоочулар тобу түзүлөөрүн маалымдады. Депутат өзү баш болуп ал эсепке бир айлык маянасын 25 миң 500 сом которууга даяр экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин да карапайым элдин эсебинен тышкы карызды төлөө аракети болгон. Мисалы, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт 2018-жылы атайын эсеп ачып, мамлекетке жардам бергиси келген жарандарды ага каражат которууну сунушталган.

2020-жылдын июль айына карата өлкөбүздүн тышкы карызы $4,8 миллиарддан ашып түштү. Бул карыздын 43 пайызы Кытайга таандык.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума