19:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улан Садалиев: Жашоодогу негизги принцибим—аз сүйлөп, көп иште

— Улан мырза, сөз башын балалык чагыңыздан баштасак. Кайсы окуу жайын окудуңуз? Эмгек жолуңуз кайсы жактан башталды?

— Балалыгым Сокулук районунун Сокулук айылында өттү. Атамдын кесиби агроном, апам дарыгер. Ар бир адамдын бала кезден көксөгөн тилеги болот эмеспи. Мен да аскер кийимин кийгендерге суктанып, эл-жериме кызмат кылып, мекенди коргоп өз салымымды кошсом дээр элем. 9-класстан кийин Бишкектеги Суворов атындагы аскер училищесине, азыркы Кыргыз аскердик лицейине тапшырдым. Аны ийгиликтүү аяктап, ИИМдин алдындагы Э.Алиев атындагы академияда окуп, юрист адистигине ээ болдум. Коомдук иштерде, окууда үлгүлүү курсанттардын катарын толуктадым. Академияны бүтүп жатканда кызыл диплом менен кошо «Милициянын улук лейтенанты» чини ыйгарылды. Ошентип төрт окуу жайды тең кызыл диплом менен аяктадым.

Эмгек жолум Бишкектеги Биринчи Май райондук ИИБде тергөөчү кызматынан башталды. Ал жерде 3 жылдай иштеп, кийин Аламүдүндө, Ысык-Ата РИИБинде Новопокровка аймактык милиция бөлүмүн жетектедим. Андан соң Сокулук РИИБинин начальнигинин орун басары кызматына которулуп, подполковник деген чинге татыдым. 2014-жылы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигимди көрсөтүп, элдин колдоосу менен иштеп калдым. Ар кандай социалдык маселелер, кайрылуулар көп болду. Кызматка киришкен биринчи күндөн тартып таза суу, жол, электр энергиясы деген маселелерге басым жасадым.

— Милиция кызматынан айыл өкмөтү башчылыгына келип калышыңызга эмне түрткү болду?

— Атам өмүр бою мамлекеттик жумушта иштеди. Сокулук, Крупская айыл өкмөттөрүн жетектеди. Мени ээрчитип жүрүп эл менен кантип иштешүү, алардын чечилбеген маселесин кантип чечүү керектигин үйрөттү. Мекенчил сезим ошондо ойгонсо керек. Ишимди баштаарым менен дыйканчылык талааларына барып, фермерлер менен көп баарлаштым. Атамдан алган тажрыйбам, анын акыл-насааты, кеп-кеңеши мага дем берип, элге жакын болдум.

— Айыл өкмөтүн башкарып турганыңызда кандай жетишкендиктер болду?

— Новопавловка айыл өкмөтүнө барганымда бир жылдык бюджети 28 миллион сом экен. Мен жетектеген жылдан тартып 85 миллион сомго чейин көтөргөнгө жетиштик. 20 жылдан бери жеке колго өтүп кеткен бала бакчаны 3 жыл соттошуп жүрүп, мамлекетке кайтарып алдык. Ички миграциянын таасиринен бала бакча тартыш эле. Азыркы маалда 400гө жакын бала тарбияланат. Аны эмеректер менен камсыздап, ыңгайлуу шарт түздүк. Жаңы конуштары көп эң чоң айыл өкмөттүн бири. 50 миң калк жашайт. Кандай гана иштер жасалса да калк арасында көйгөйлөр өзүнөн-өзү чыга берет. Суу, жол, электр энергиясы менен жаңы конуштарды камсыздоодо бир топ жумуштар жасалды.

— Айыл өкмөтүнөн акимдин орун басары кызматына чейин жетипсиз да?

— Кудайдын буйругу экен, 2017-жылдан тартып Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын 4 жылдан бери аркалап келдим. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөткөнүмө байланыштуу кызматымды өткөрүп бердим.

— Ички миграциянын күч алышы, жергиликтүү тургундардын жер маселесин мыйзамдуу түрдө документтештирүү да чоң маселелерден эмеспи...

— Туура, каттоосу жок жашаган мекендештерибиз арбын. Каттоо учурунда мыйзамдардын чийкилиги маселе жаратты. Буга ким күнөөлүү? Баягы эле айыл өкмөт, акимчилик күнөөлүү болуп, көп кыйынчылыктар башыбыздан өттү. Жергиликтүү тургундардын үлүш жерин, жашаган үйүн документтештирүү маселесин жон терим менен сезгендиктен аны түп тамырынан өзгөртүү учур талабы деп ойлойм. Аткаруу бийлигинен барган депутат көп болсо мыйзамды өзгөртүүдө, аны колдоодо чоң өбөлгө түзүп бермек. Мисалы, бизге инвесторлор келсе анын маселесин 2-3 айлап чече албай кечигип калып жатабыз. Трансформация, алардын жалпы документтерин иреттештирүүгө 3 айдан ашык убакыт кетет. Маселени чечүүгө мээң жетип турса да мыйзам жол бербейт. Мыйзам чегинен чыга албай каласың. Себеби кабыл алынган мыйзам чийки. Канчалаган жарандарыбыз жер үлүшүн, үйүнө кызыл китебин ала албай убара болуп жүрөт. Трансформация маселеси чечилсе кийин инфраструктуралык маселе чечиле баштайт. Кээ бир конушта «Тез жардам» унаасы бара турган жердин дарегин таба албай калууда. Пандемия көптөгөн маселени ачыкка чыгарды.

— Пандемия деп калдыңыз. Эл башына келген бул сыноодо эмнелерди байкай алдыңыз?

— Адамдар бири-бирине жүрөктөрү муздап бара жаткандай сезилчү. Бай, кедей деп эки ажырым болуп калганы ачык эле. Пандемия бай менен кедейди теңеп койду. Адамгерчилик сапатты ойготту. Бул бизде эле эмес, дүйнөдө болду. Кудай сыноо берди. Үй-бүлөбүзгө, жоро-жолдошторубузга, кошунабызга урмат-сыйды арттырды. Пандемия ички дүйнөнү ойготту. Эмне маселе бар экенин ачыкка чыгарды. Ошол эле ыктыярчылар, өкмөт, медицина, милиция кызматкерлери, бардык органда иштеген кызматкерлер вирус менен күрөшүүдө жапа тырмак аракет кылышты. Күч биримдикте экенин көрсөтүштү.

Пандемияда медицина, билим берүү тармагында кетирген катачылыгыбыз оркоюп көрүнүп калды. Өзгөчө абалга даяр эмес экенбиз. СССР кезинде стратегиялык институттар болгон. Ушулар унутта калыптыр. Окумуштуу, илимпоздорубузду баалап, тиешелүү ар бир тармакка ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү караштырсак башыбызга келген апааттардын алдын алууда көп кыйынчылыктар жаралмак эмес.

— Аягында шайлоочуларга кандай кайрылуу айтат элеңиз?

— Шайлоочуларга айтарым, добушту сатып албай, ар бир партияны, талапкерди изилдеп, алардын аткарган ишине, кызматына туура баа берип, жүрөгү менен шайлап берсе. Жашоодогу негизги принциптеримдин бири — аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу. Эл колдоп берсе мамлекетибиз үчүн, эл үчүн татыктуу иштеп берейин деген тилегим чоң.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар