19:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан Беларустагы аскердик машыгууларга катышат

Казакстан 12-октябрдан 16-октябрга чейин Беларустун аймагында өтө турган «Бузулбас боордоштук» деп аталган аскердик машыгууларга катышууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Гани Нусипов билдирди.

Анын айтымында, бул машыгуулардын «Беларустагы ички саясий абалга тиешеси жок».

«Быйыл Казакстандын атынан ыкчам топтун курамында бир нече киши байкоочу катары катышат. Алар тынчтык орнотуу операцияларын уюштуруу тажрыйбалары жана өзгөчөлүктөрү менен таанышат», — деди Нусипов.

15-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги ар жылкы командалык-штабдык машыгууларга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө башка төрт өлкөнүн — Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын аскердик күчтөрү да тартыла турганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, «Лосвидо» полигонунда жоокерлер тынчтык операцияларына даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча машыгуу өткөрүшөт.

Ушу тапта Беларустагы Брест полигонунда орус-беларус аскердик күчтөрүнүн катышуусунда «Славян агайындар 2020» машыгуулары өтүүдө. 150 авиациялык, аскердик жана атайын техникалар, ошондой эле бир жарым миң жоокер катышып жаткан машыгуулар 25-сентябрда аяктайт.

Алгач «Славян агайындар» машыгууларына Сербия да катышары кабарланган. Бирок өткөн жумада Белград жарым жыл бардык эл аралык аскердик машыгууларга катышууну токтотконун, мындай чечим Европа Биримдигинин катуу басымы астында кабыл алынганын билдирген.

Беларуста жаңы шайлоо өткөрүүнү жана азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар