Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар арасында таза күрөшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдбекова билдирди.
Анын айтымында, «Ата Мекен» менен «Реформа» партиясы меморандумга кол койгон жок.
Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта расмий үгүт башталды. Шайлоо 4-октябрда өтөт.
Парламентке 15 партия ат салышууда.