21:25
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Боршайкомду сотко берет

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Боршайкомду сотко берет. Бул тууралуу бүгүн партия лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди.

Ал партия өзүнүн конституциялык укугун колдонорун баса белгиледи.

«Биз он жылдан бери чыдамдуулукту көрсөтүп келе жатабыз. Көрсө биздин өлкөдө мыйзам жолунда укукту коргоо татаал экен. Эл кандай чечим кабыл алса, мен эл менен болом», — деди Адахан Мадумаров.

Партия өкүлдөрү «Бүтүн Кыргызстан» бийликтин буйругу менен шайлоодон четтетилгенин белгилешти.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган.

БШК кечээ тизмедеги калпыстыктар үчүн партияны каттоого алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар