06:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сүлүктүдө жашы жете кыз төрөп, ымыркайын дааратканага таштап кеткен

Сүлүктү шаарында ымыркайын дааратканага таштап кеткен энеге карата сот чечими чыкты. Ал «Жаш баланы өлтүрүү» беренеси боюнча күнөлүү деп табылды.

Жашы жете элек кыз белгисиз бирөөдөн боюна бүткөн. Төрөгөндөн кийин баласын жок кылуу аракетинде дааратканага таштап кеткен.

Тергөөнүн айтымында, кыз үйүндө төрөп, киндигин лезвия менен кескен. Анын төрөгөнү кан токтобой ооруканага түшкөндө гана белгилүү болот.

Сот эки жылга эркинен ажыратып, бирок, мунапысты колдонуп, жазадан бошоттту.

Эң көп окулган жаңылыктар