06:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин 2-октябрга чейин токтотту

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин 2-октябрга чейин токтотту. Тийешелүү токтом бүгүн кабыл алынды.

Тɵрага Дастанбек Жумабековдун айтымында, бул чечими менен депутаттар шайлоочулардын жүзүнɵ тике карай алат. Парламентарийлердин кɵбү жетинчи чакырылышка аттанып жатат, аларга Жогорку Кеңеш трибунасын үгүттɵɵ максатында пайдаланууга жол бербɵɵ максатында, бир аз тыныгуу алып, шайлоочулар менен жерлеринде жолугуп келгени дурус. Депутаттар тɵраганын сунушун колдоп чыгышты.

Шайлоо бюллетенине кайсы партиялар киргенин Боршайком бүгүнтɵн кеч калбастан билдириши керек. Эртең, 4-сентябрда үгүтɵɵ иши башталат. Ал 3-октябрда аяктайт. Ал күнү сырттан шайлоо иштери ɵтɵт.

Эң көп окулган жаңылыктар