07:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

АКШ бийлиги элине бир триллион доллар акчалай жардам көрсөтөт

АКШ бийлиги пандемия маалында калкка бир триллион доллар көлөмүндө жардам берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Стивен Мнучин Fox News телеканалына берген интервьюсунда билдирген.

Анын айтымында, долбоордо ар бир үй-бүлөгө 1200 доллардан төлөп берүү каралган. Ал эми пандемия башталгандан бери Вашингтон экономиканы жана калкты колдоо үчүн 3 триллион доллар бөлгөн.

"Калкты колдоо мыйзам долбоорун өлкө башчы Дональд Трамп колдоорун билдирген. Бүгүн долбоор тууралуу документ Конгресске тапшырылат. Буга чейин демократтар да жардам берүү демилгесин көтөргөн. Бирок долбоор үч эсеге кымбат турган. Документти Өкүлдөр палатасы колдоп, бирок републикачылар көзөмөлдөгөн Сенат артка кайтарган", - деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, АКШ COVID-19 вирусунан жабыркаган өлкө болуп эсептелет. Расмий маалыматтар боюнча ооруну жуктуруп алгандардын саны төрт миллиондон ашты, анын ичинен 150дөн ашык бейтап көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар