02:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Балбак Түлөбаев кикбоксчу Дастан Шаршеевди жардамчы кылып жумушка алды

Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдештердин катышуучусун жардамчы кылып кызматка алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.

Белгиленгендей, 2019-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Дастан Шаршеев Балбак Түлөбаевдин расмий түрдө жардамчысы болуп жумушка орношту.

«Урматту калайык, Дастан Шаршеев деген жигитти кызматчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын», — деп жазган ал.

Дастан Шаршеев 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. Ал көп жылдар бою Россияда жашап, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча жекеме-жеке мелдештерге катышкан. Профессионалдык кикбоксинг боюнча өткөн 26 мушташта 20 жеңишке жетишкен.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын мурдагы башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызмат ордун бошоткон.

Эң көп окулган жаңылыктар