Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин катчысы Мисирбек Байсубанов 65 жаш курагында пневмониядан улам көз жумду.
Ал билим берүүнүн отличниги, университеттин дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти болгон. Мисирбек Байсубанов — 1999-жылы Баткендеги аскердик кыймылдын катышуучусу болгон.
Кесиптештери аны өз кесибин чын жүрөктөн сүйгөн жогорку деңгээлдеги адис катары баалашарын билдиришти.