20:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Туңгуч» театрынын директору Садыр Назаров дүйнө салды

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, «Туңгуч» театрынын директору Садыр Назаров дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабалашты.

Алардын айтымдарында, Садыр Назаров сегиз ай мурун инсульт алып дарыланган. Бирок, ден-соолугу начарлап, кечээ көз жумган.

Садыр Назаров Токтогул районунун Кара-Суу айылында 1973-жылы жарык дүйнөгө келген. Көп жылдар бою Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык универсиетинин проректору болуп иштеген.

1991-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги «Туңгуч» театрын жетектеген.

Анын жубайы — театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова.

Эң көп окулган жаңылыктар