13:53
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Айгүл Мураталиева пневмониядан улам көз жумду

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева пневмония илдетинен улам каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айгүл Мураталиева 72 жашта болчу.

Ал 1959-жылы Агриппина Ваганова атындагы Ленинград мамлекеттик хореографиялык мектебине (азыркы Агриппина Ваганова атындагы Орус балет академиясы) окууга кабыл алынган. 1968-жылы хореографиялык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрына балет бийчиси болуп кирген.

Эмгек жолун Фрунзе хореографиялык мектебинде баштаган, ал жерде классикалык бийдин мугалими болуп иштеген. 2006-жылдан 2017-жылга чейин Чолпонбай Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык мектебинин көркөм жетекчиси болгон. Ал ондон ашык таланттуу студенттерди тарбиялаган. Анын бүтүрүүчүлөрү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн театрларында татыктуу орунду ээлеп келишет.

Хореографиялык искусствонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 2006-жылы Айгүл Мураталиева Маданияттын эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наамга татыктуу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар