10:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Стамбулдун аэропортунда Кыргызстандык үч бала кароосуз калып калган

Социалдык тармактарда Кыргызстандык үч кичинекей бала Стамбулдун аэропортун калып калгандарын жана алар ачка экендигин айтып, ыйлаган видео тарады.

«Биз азыр ачкабыз. Эч нерсе жей элекпиз. Кыргызстанга учкубуз келип жатат. Биз ордубуздан жылып көчөгө да чыга албайбыз. Апабыз Кыргызстанда ооруп жатат, а биз уча албай жатабыз. Биздин самолет дагы учуп кеткен. Биз апабызды сагындык», — дешет алар.

Видеодогу үчүнчү бала болжол менен беш жашта экендигин көрүүгө болот.

Эмне үчүн балдар жалгыз, аларды коштогон эч ким жокпу бул тууралуу айтылган эмес.

Тышкы иштер министрлиги 24.kg агенттигине роликти иликтеп жаткандыктарын жана бул тууралуу кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар