15:00
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Кубандык Өмүров пневмониядан улам көз жумду

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Кубандык Өмүров эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан билдиришди.

Кубандык Өмүров 1950-жылы туулган. 1977-жылы А.Чуйков атындагы Фрунзе сүрөт искусство мектебинде скульптор адистигин аяктаган.

1998-2001-жылдары Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм өнөр жана өндүрүш бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Кыргыз опера жана балет театрында декоратор-сүрөтчү, башкы сүрөтчүнүн жардамчысы жана көркөм-коюу бөлүгүнүн башчысы болуп иштеген.

Кубандык Өмүров бир нече жылдар бою мамлекеттик деңгээлдеги негизги маданий иш-чараларга жана Кыргызстандын өкмөтү тарабынан уюштурулган коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүүгө жигердүү катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар