Хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эрмек Носинов Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө көз жумду.
Өлүмдүн себеби айтылган жок.
Эрмек Носинов 1974-жылы Чүй облусунун Аламедин районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, андан кийин Улуттук госпиталдын Ахунбаев клиникасынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия клиникалык ординатурада иштеген.
2006-жылы медицина илимдеринин кандидаты диссертациясын ийгиликтүү коргогон жана ага доцент наамы ыйгарылган.
2013-жылдан 2016-жылга чейин Ош бириккен аймактык ооруканасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө иштеген.
2016-жылдан бери доцент, КРСУнун хирургия факультетинин кафедра башчысы болуп эмгектенген. 2018-жылдан тартып чет элдик студенттерге сабак бере баштаган.
Эрмек Носинов 150дөн ашык илимий макалаларын жарыялаган. Анын артында аялы жана эки баласы бар.