21:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

БШК кайрымдуулук акцияларын өткөрүүгө тыюу салынгандыгын дагы бир жолу эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партияларга расмий кайрылуу жасады.

БШК жарыштын катышуучуларына шайлоо өнөктүгү башталган учурдан тартып шайлоочуларга акча төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга, ошондой эле товарларды жеңилдетилген баада сатууга тыюу салынгандыгын дагы бир жолу эскертет.

Өзгөчө үгүт учурунда, башкача айтканда, 4-сентябрдан 4-октябрга чейин үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, партиялык символдору бар оромолордон сырткары башка товарларды бекер таратууга тыюу салынат,

Кызматтар акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлбөйт.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрымдуулук жана ыктыярдуулук иш-аракеттери боюнча түшүндүрмөлөр берди. «Президенттин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, талапкерлер, алардын жакын туугандары, анын ичинде жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуктары жок.

«Конституциялык мыйзамдын талаптарында көрсөтүлгөндөй, кайрымдуулук иш-чаралары, акысыз же артыкчылыктуу кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде ыктыярдуу иш-чаралар шайлоо кампаниясын өткөрүүдө белгиленген талаптарды бузушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу БШК шайлоого катышууну каалаган саясий уюмдарга жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын ченемдерин бузган жана мыйзамда белгиленген иш-аракеттерден алыс болууну сунуштайт», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда ​​белгилүү коомдук ишмерлер, бизнесмендер, саясатчылар, ошондой эле жетинчи чакырылыштын мандатына талапкерлигин койгон партиялардын мүчөлөрү кайрымдуулук акциялары менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар