03:30
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Тогуз-Торо районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты авариялык абалда

Тогуз-Торо районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты авариялык абалда. Бул тууралуу Нурсултан Орунбеков аттуу жаран учурдагы медициналык мекеменин сүрөтүн тартып социалдык тармактарга жарыялаган.

Анын айтымында, бул мекеменин абалын көрүп бооруң ачып, аягандан артык эч нерсе кереги жок.

«Өлкөнүн башка аймактарынан дагы мындай абалдагы медициналык мекемелердин бар экендигине эч күмөнүм жок», — деп жазат ал.

Нурсултан Орунбеков, Бишкектик ишкер инфекция бөлүмүн капиталдык оңдоого акча бөлгөнүн белгиледи.

Эске сала кетсек, мындан төрт жыл мурун Тогуз-Торо районундагы оорукананын абалы авариялык абалда экендиги жана ага капиталдык оңдоо керектигин массалык маалымат булактары жазып чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби