17:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте түнкү стационарлар ачылат

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Жарандар 8:00дөн 20:00гө чейин медициналык кеңеш алып, куйма дары сайдыра алышат.

Мэрия маалымдагандай, Бишкектеги күндүзгү стационарларга тогуз күндүн ичинде 23 миң 819 жаран кайрылса, анын ичинен 17 миң 890у куйма дары куйдурган, 5 миң 781 жаран медициналык кеңеш алышкан. Ал эми 139 бейтап ооруканага жаткырылган. Тогуз бейтап кайтыш болду.

Мэрия белгилегендей, ооруканалардагы кезектер басаңдап, айыккандардын саны көбөйүүдө. Статистикага ылайык, кайрадан ачылган стационарларга азыраак күч келүүдө:

  • Ак-Босого конушундагы № 81 мектебинде 40 орун бар;
  • Анкара көчөсүндөгү «Сейтек» мектебинде 50 орун;
  • Дордой-13 көчөсүндөгү № 94 мектепте 50 орун;
  • Аламүдүн-1 кичи районундагы № 38 мектебинде 50 орун;
  • Токтогул 20 көчөсүндөгү № 68 мектепте 30 орун;
Ар бир районго түнкү стационарларды ачуу пландалууда.

Санитардык бөлүмдөр № 7 кичи райондогу «ДСК» спорт комплексинин базасында 97 орун даярдалып жатат, ал эми ишкерлер «Консул» ресторанын акысыз иштетүүгө уруксат беришти.

Белгиленгендей, учурда орундар даяр, тамчылатма дарынын шаймандарын даярдашууда, медициналык кызматкерлерди кабыл алуу жүрүп жатат. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, тамак-аш, жатакана менен камсыздоо шарттуу түрдө уюштурулат.

Эске сала кетсек, мэрия жалпы медициналык кызматкерлерди кызматташууга чакырат. Толук маалыматты мэриянын сайтынан ала аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар