16:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыктан улам үч адам каза болуп, дагы үчөө жабыркады

Балыкчы - Кочкор унаа жолунда жол кырсыгынан улам үч адам каза болуп, дагы уүчөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-июлда саат 10:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Балыкчы - Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

"Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган, 2008-жылы туулган эки эркек, 1978-жылы туулган бир аял каза болуп, дагы 2012-жылы туулган бир кыз, 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган эки эркек бала жабыркаган. Тазалоо иштерине КРнын ӨКМнын Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, тез жардам кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери тартылды. Куткаруучулар жерине барып, каза болгон жана жабркаган адамдарды унаадан чыгарышып, аларды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен", - деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар