02:41
USD 76.84
EUR 90.50
RUB 1.04

№ 1 шаардык ооруканадагы чыр. Ыктыярчылар чогулткан акча медикерге жеткен эмес

Ыктыярчылар тарабынан дарыгерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо иретинде чогулган гуманитарлык жардам № 1 Шаардык клиникалык оорукананын жетекчилигине берилген, бирок жардам дарыгерлерге жеткен эмес. Бул тууралуу спортсмен Абдурахманджии Муртазалиев өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу маалымдады.

Ал дарыгерлердин жеке коргонуучу каражат менен камсыз болбогондугу тууралуу айткан видесун жүктөдү.

Спортчу 24.kg агенттигине берген маегинде, кыргызсандыктар маска-респиратор алууга акча чогултушкан. Ыктыярчылар коргонуучу каражаттары сатып алып оорукананын жетекчилигине жөнөтүшкөн.

«Биз Instagram баракчаларыбызга маска жетпей калган медицина кызматкерлери биз менен байланышсын деп пост жазганбыз. № 1 шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилигине гуманитардык жардам жөнөткөндөн кийин, маска-респиранттарды көргөн жокпуз деген билдирүүлөр келип жатты. Ооруканага жалпы 550 маска жана 200 ампула антибиотик бергенбиз», — дейт Абдурахманджи Муртазалиев.

Ал бул оорукананын алдынан бейтаптар каза болуп жатат деген видео тарагандан кийин жардам берүүнү чечкенин айтат.

«Азыр биз 1 миллион 800 миң сом чогулттук. Ар бир сомдун кайда жумшалгандыгы тууралуу Instagram баракчабыз аркылуу жазып турабыз. Бул каражатка коргонуунун үчүнчү тепкичиндеги бет каптарды сатып алабыз», — деп баса белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин № 1 Шаардык клин калык оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраев коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу видео-кайрылуу жасаган болчу. Ал башкы дарыгер кимди кабыл алып, кимди жайгаштыруу керектигин өзү эле чечип коёрун айткан. Оорукананын жетекчиси анын сөзүн четке каккан.