21:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-түрк достугу ооруканасы акыры ачылды

Бишкекте Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооруканада жалпы жонунан 72 орун бар, анын 21и реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык жабдыктар бар.

Оорукана адистештирилген мекеме болгондуктан бейтаптарды башка стационарлардын багыттамасы менен гана кабыл алат. Дарылоо процесси башка ооруканалардагыдай эле мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында ишке ашырылат.

Медициналык кызматтын акысы Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик комитет тарабынан иштелип чыккан. Чет өлкөлүк бейтаптар үчүн өзүнчө баа коюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар