12:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-Түрк ооруканасы мэриянын карамагына өттү

«Достук» Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү № 15/2 дарегинде жайгашкан Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган «№ 1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт.

Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар