13:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы жети кызматкеринен коронавирус аныкталды

БШК өзүн-өзү изоляциялоо абалын кабыл алды. Аппараттын дагы жети кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооругандардан пневмония илдети аныкталган. Кызматкерлердин 80 пайызы үйдөн иштешет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындары ZOOM тиркемеси аркылуу видеоконференция форматында өтөт.

Буга чейин комиссиянын орун басары Акылбек Эшимовдон коронавирус аныкталганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар