20:21
USD 77.05
EUR 91.17
RUB 1.05

COVID-19. Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы ооруп жатат

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы коронавирус илдетине чалдыгышкан. Бул тууралуу жакын туугандары 24.kg агенттигине билдиришти.

Белгилүү болгондой, Өмүрбек Текебаевдин дене табы көтөрүлүп үйүндө жатат. Ал эми жубайынан коронавирус аныкталды. Учурда Айгүл Текебаева ооруканада.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов пневмония коронавирус илдетинин өрчүшүп кетиши деп айткан эле.

Эске сала кетсек, Жогоку Кеңештин аппарат кызматкерлеринен жана көптөгөн депутаттардан коронавирус илдети аныкталган. Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков пандемиядан улам көз жумуп, кечээ жерге берилди. Ал эми Ак үйдүн жалпы 25 кызматкеринен коронавирус аныкалды.