23:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болору боюнча кептерге жооп берди

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болбойт. Бул тууралуу ал Sputnik агенттигине билдирди.

Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.

«Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм», — деди Өмүрбек Текебаев.

Эң көп окулган жаңылыктар