20:15
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бүгүнкү күндө Бишкекте тогуз күндүзгү стационар иштеп жатат

Бишкек шаары боюнча бүгүнкү күндө тогуз күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул борборлордо консультация алуу, тамчылатма дары-дармектерди сатып алуу бир саатка жакын убакытты алат. Ал эми маска жана кол кап кийсе инфекция коркунучу дээрлик азаят.

Көпчүлүк ооруканалар Ленин районунда жайгаштырылган. Борбор калаанын мэри бул аймакта коронавирус инфекциясынын көпчүлүк учуру катталып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Стационарлар төмөнкү даректере жайгашкан:

1
Ленин районунда:

— Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Газпром» дене-тарбия-дарылануучу комплексинде 120 орун;

— Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан № 68 орто мектебинде — 30 орун;

— Кызыл-Аскер районундагы «Арал» кафесине 50 орун;

2
Свердлов районунда:

— Раатбек Санатбаев атындагы дене-тарбия-дарылануучу комплексинде 150 орун;

— № 94 мектебинде — 50 орун бар.

3
Октябрь районунда:

— 12-кичи районундагы «Бишкекнаабайкана» ишканасында 200 орун;

— «Сейтек» мектебинде 50 орун;

4
Биринчи май районунда:

— «Кудайберген» базарынын жанындагы № 83 орто мектебинде 50 орун;

— Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 150 орун бар.

Эң көп окулган жаңылыктар