01:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Фергана облусу Баткенге жардам иретинде медициналык шаймандарды жөнөттү

Өзбекстандын Фергана облусу Баткенге жалпы баасы 6 миллион 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Коңшу өлкө коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандарды жөкөткөн.

Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстандын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар