2024-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 846,4 миллион долларды түзгөн. Бул маалыматтарды Өзбекстан Республикасынын Статистика агенттиги келтирет.
Экспорт 513,3 миллион доллар, импорт 333,1 миллион доллар деңгээлинде белгиленген.
Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр Өзбекстан менен аталган мезгилде сооданы көбөйткөн.
Өзбекстан Республикасынын ассоциация мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүүсү 17,5 миллиард долларды түздү. Экспорт 5,8 миллиард долларды түзсө, импорт 11,7 миллиард долларды түздү.