12:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шайлоо-2020. Онлайн-үгүттөө иш аракети мыйзамда каралган эмес

БШК шайлоого катыша турган партияларга онлайн-үгүттөө иш-аракеттерин өткөрүүгө жол бербейт, себеби бул формат мыйзамда каралган эмес.

Белгилүү болгондой, добуш берүү дагы онлайн түрүндө болбойт. Мыйзам боюнча добуш берип жаткан ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүшү керек. БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова шайлоо санитардык талаптарды аткаруунун негизинде өтөрүн кошумчалады.

Саясий биримдикте шайлоого катышуу боюнча өтүнмөлөр добуш берүү мөөнөтүнө 45 күн калганда аяктайт.

БШК бүгүнтөн тартып шайлоого катыша турган партиялардан арыз кабыл алып баштайт.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоо боюнча жарлыкка кол койду. Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби