Бишкекке Бангладештен 103 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 2-июлда кыргызстандыктар «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек — Дакка — Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы аркылуу келишкен.
Чет өлкөдөн келген жарандар медициналык кароодон өтүп, обсервацияга жаткырылды.
«Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди Кыргызстанга алып келүү иши улантылууда», — деп билдирди ТИМдин пресс-кызматы.