15:08
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алды

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Парламентке Эркин Асрандиев келбейт. Анын анализинен вирус табылды.

Өкмөттүн маалыматында, вице-премьер-министр үйдөн иштеп жатат. Оорусу жеңил өтүүдө.

Өкмөттүн аппарат башчысы — Таалайбек Темиралиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдор дагы ант берүү аземине катышпайт. Алар Эркин Асрандиев менен байланышта болгондуктан, обочолонушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби