27-28-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындажаан жана Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоолуу аймактарында кар түшүшү мүмкүн.
Чүй облусу: түнү: + 13...+18, күндүзү: +22...+27.
Талас облусу: түнү +11...+16, күндүзү: +21...+26.
Баткен облусу: түнү +15...+20, күндүзү +24...+29.
Ош, Жалал-Абад облусу: түнү +15...+20, күндүзү +24...+29.
Ысык-Көл облусу: түнү +8...+13, күндүзү +17...+22.
Нарын облусу: түнү: +4...+9, күндүзү: +17...+22.
Бишкекте эртең жаан жаайт. Түнү +15...+17, күндүзү: +23...+25.