15:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Боршайкомдун 8 мүчөсүнүн анализи таза чыкты

Аппараттын кызматкерлери жана БШКнын мүчөлөрү коронавируска карата тест берүүнү улантып жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекемеден билдиришти.

Такталгандай, 12 жетекчинин ичинен сегизи гана анализ тапшырышты. Барынын жыйынтыгы жакшы чыкты. Калган төрт адам ушул жуманын аягына чейин тапшырып бүтүшү керек. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталганы маалымдалган. Ал дарыланып жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн БШКда республикалык штабдын өкүлдөрү менен Жогорку Кеңешке шайлоонун өтө турган датасы боюнча чогулуш өтөт. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу шайлоону кийинки мөөнөткө жылдыруу жөнүндө талкуу болот. Жергиликтүү шайлоо качан жанданары жана парламенттик шайлоо менен чогуу бир күндө өтөбү азырынча белгисиз.

22-июнда Бишкекетеги аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдон коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар