Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, алдамчылыктын бир нече фактылары боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн КР жараны А.А. Кыргызстанга алынып келинди. Ал өлкөгө келгенден кийин тергөө абагына киргизилди.
Тергөөдөн алынган маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны А.А. жарандардын ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, алардын мүлктөрүн мыйзамсыз ээлеп алган. Мунун кесепетинен жалпысынан 15 миллион сомдон ашык суммада материалдык зыян келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын кылмыш жоопкерчилигинен кутулбай калышын камсыз кылууга багытталган иштерди ырааттуу түрдө жүргүзүп келет.

