12:57
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Өлкө боюнча 90 миң тоннадан ашык минералдык жер семирткич камсыз кылынды

Бүгүнкү күндө республикада айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

Республика боюнча 90 миң 387,4 тонна минералдык жер семирткич камсыз кылынды.

Анын ичинде:

  • Азоттуу жер семирткичтер — 51 миң 498 тонна, бул жалпы муктаждыктын 53,5 пайызын түзөт;
  • Фосфорлуу жер семирткичтер — 37 миң 872 тонна, бул жалпы муктаждыктын 53,4 пайызын түзөт;
  • Калийлүү жер семирткичтер — 1 миң 17,4 тонна, бул жалпы муктаждыктын 6,7 пайызын түзөт.

Жалпысынан республиканын минералдык жер семирткичтер менен камсыз болуу деңгээли 49,6 пайызды түздү.

Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча ишти улантууда жана дыйкандар менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн аларды агротехникалык талаптарга ылайык колдонууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар