12:58
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Пакистандын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6—9-июль күндөрү Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.

Белгилей кетсек, Пакистан президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.

Эң көп окулган жаңылыктар