Таңга маал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында автоунаа, болжол менен «Mercedes Sprinter» үлгүсүндөгү кичиавтобус өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришет.
Окуяга күбө болгондор тарткан видеодо чоң көлөмдөгү унааны өрт толугу менен каптап калганын көрүүгө болот. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча түшө элек.
Өрттүн келип чыгуу себеби азыркы тапта белгисиз. Күбөлөрдүн айтымында, бул аймакта мындай окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок.
Өзгөчө кырдаалдар кызматтарынан расмий маалымат азырынча бериле элек. Окуянын чоо-жайы такталууда. Сиз дагы жаңылык бөлүшө аласыз, ал үчүн 0555312024 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз.

