Октябрь районундагы Динамо стадионунун аймагында жылан бар экендиги жөнүндө шаар тургундары ӨКМге билдиришкен. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, 21-июнда саат 19:43тө жарандар стадиондун аймагында жылан бар экендигин кабарлашкан.
“ӨКМдин Куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды табышып, коопсуз жайга коё беришти”, - деп берилет маалыматта.
Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.