13:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандан Россияга учу турган аба каттамдар жарыяланды

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектен жана Ош шаарынан 28-июнга чейинки кезектеги аба каттамдардын тизмегин жарыялады. Орундар Россия Федерациясына кирүүгө уруксаты бар гана жарандарга жеткиликтүү.

  • Рейс Бишкек — Санкт-Петербург 26-июнда саат 17.45.

Санкт-Петербург, Ленинград, Псков, Новгород, Вологод, Калининград облусу, Карелия Республикасында жашаган жарандарга:

  • Рейс Ош — Москва 27-июнь, саат 12.30.

Москва, Владимир, Ивановск, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тульск, Ярослав, Брянск, Орлов, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгородск, Вологодск, Кострома, Нижегород, Пензенск облусундагылар, Мордовия республикасында, Ульяновск обласунда, Калининград облусунда жашаган жарандар бара алышат.

  • Рейс Бишкек — Москва 28-июнь, саат 16.05.

Москва, Владимир, Ивановск, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тульск, Ярослав, Брянск, Орлов, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгородск, Вологодск, Кострома, Нижегород, Пензенск облусундагылар, Мордовия республикасында, Ульяновск обласунда, Калининград облусунда жашаган жарандарга жеткиликтүү.

Каттам тууралуу баардык маалыматтарды Бишкектеги элчиликтин сурап-билүү бөлүмүнө 0312612615, 0312612617 номурлары аркылуу, ал эми облустун түштүк тарабында жашаган жарандар Оштогу элчиликке 0558909005, 322288221 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума