Кыргызстанга бүгүн Пакистандан 100 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Пакистан Эл аралык авиакомпаниясынын Исламабад — Бишкек — Исламабад чартердик каттамы аркылуу келишкен.
Пакистандан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.
«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.